“Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердик” статистикалык жыйнагы басмадан чыкты

Басылмалардын датасы: 23.11.2016


Жыйнак чакан жана орто ишкердиктин абалынын жана өнүгүүсүнүн кыскача талдоосун, экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана аймактары боюнча статистикалык маалыматтарды камтыйт.

Жыйнакта иштеген ишканалардын санын, андагы иштеген жумушчулардын санын жана орточо айлык эмгек акыны мүнөздөгөн статистикалык таблицалар жана графиктер, чакан жана орто ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрү, өнөр жай продукцияларынын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн), өз күчү менен аткарылган подряддык иштердин, дүң жана чекене соода; автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмдөрү, ошондой эле мейманканалардын жана ресторандардын, транспорт, почта жана чабарман ишмердигинин ишканаларынын кызмат көрсөтүүлөрү, байланыш кызмат көрсөтүүлөрү жана башкалар жайгашкан. Дыйкан (фермер) чарбаларынын жана жеке ишкерлердин ишмердиги жөнүндө маалыматтар камтылат.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылыңыздар.

________________________________________________________________________

Финансы

статистикасы бөлүмү   |e-mail: abdrahmanova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  62 55 91

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.11.2016, 14:18